Депутат чоңдор балдарын кайсы жерге ишке орноштурарын айтты

Эл өкүлү мамлекет башкарган ишканалардын баарында коррупция тамырлаган деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев чоң кызматтагы аткаминерлер балдары менен туугандарын кайсы жерге жумушка орноштурарын айтты.
Бүгүн парламентте мамлекеттик мүлктү жеке менчикке ишенимдүү башкарууга өткөрүү мыйзам долбоору каралган. Акаев бул демилгени колдой турганын айтып, болбосо мамлекеттик ишканаларда "кантип өзүмө акча жасасам" деп калышканын айтты.
"Бүт чоңдордун балдары баласына же тууганына жумуш таппай калса эле "Megacom" мамлекеттик ишканасына киргизип кой" дейт. Ал адиспи, заманбап иштерди, IT технологиясын түшүнөбү, карабайт. Болбосо "менин баламды "Кумтөргө" киргизип кой" дейт. Анткени алар жеке менчикте иштей албайт", — деди Акаев.
Ошондой эле депутат мамлекет башкарган ишканалардын баарында коррупция тамырлаган деп эсептейт.
Мамлекеттик ишканалар эми 3 жыл кирешесин бюджетке бербей турган болду