БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бактыбек Сыдыков Ысык-Көлдөгү туристтик объектилерди чет элдик жарандын менчигине сатууга уруксат берүүнү сунушташты. Алар тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып коомдук талкууга койду.
Демилге эс алуу, ден соолукту чыңдоо, туризм үчүн пайдаланылуучу объектилерге, "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын чегинде жайгашкан пансионаттар, курорттор, эс алуу үйлөрү, коттедждик шаарчалар, конок үйлөргө тиешелүү болот. Ал эми аталган объектилер жайгашкан жер тилкелери белгилүү бир мөөнөткө берилет.
Учурдагы мыйзамда аталган жайларды чет өлкөлүк тараптын менчигине өткөрүүгө уруксат берилбейт.
"Кыргызстандын рыноктук экономикасынын, инновациялык курорттук-рекреациялык объектилерди куруунун жана мезгил талабына шайкеш инфратүзүмдөрдү куруунун зарылдыгы келип чыгууда. Жагымдуу инвестициялык атмосфераны түзүүнүн зарылдыгын эске алуу менен чет өлкөлүк жарандарга жана юридикалык жактарга менчик укугун берүү сунушталууда. Алар "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүүгө, курорттук-рекреациялык аймакка жана жалпы эле өлкөгө инвестиция тартууга өбөлгө түзөт", — деп эсептейт демилгечилер.
Ошондой эле бул мыйзамдын кабыл алынышы өзгөчө статусу бар аймактардан тышкары Кыргызстандын бүткүл аймагында туристтик тармакка инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн берери айтылды.