Заманабыз куурулганда "эркекпиз" деп кармандык. Түркияга барган куткаруучунун маеги

Зилзаладан кийин заңгыраган үйлөр жер менен жексен болуп, таттуу уйкуда жаткан эл уранды алдында калып, айрымдары көз ачканга жетишпей кете бергинин, кээси ажалдан аман калганын Арзыбек Кубатбек уулу өз көзү менен көргөн.
Sputnik
Арзыбек — Түркияга барып издөө-куткаруу иштерин жүргүзгөн ӨКМ кызматкерлеринин бири. Ал өз маегинде жүрөк канаткан, көзгө жаш алдырган окуялар менен бөлүштү.
Кыргызстандан Түркиядагы табигый кырсыктан жапа чеккен элге жардам берүүгө 182 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинде 6 дарыгер, боз үй тигүүчү 5 киши, калганы ӨКМдин куткаруучулары болгон. Адистер зилзала болгон аймакта сегиз адамды уранды алдынан тирүү алып чыгып, 198 кишинин сөөгүн таап чыгышкан.
Тема боюнча:
Оркестр, кол чабуулар. Түркиядан келген куткаруучуларды тосуп алгандагы видео
Кыргызстандык куткаруучулар уранды алдында 13 күн жаткан үч адамды куткарды
Кыргызстандык куткаруучулар урандылардын астынан аялды алып чыгышты. Видео