Батыштын россиялык атайын аскердик операциясынын бир жылдыгына арналган иш-чаралары Украинанын тышкы иштер министри Кулебанын аша чапкандыгын айгинелеп койду. Ал: "Ири окуялар күтүлөт. Көптөгөн маанилүү саясий сигналдар жасалып, санкциялар, куралдар жаатында чечимдер кабыл алынарынын, биримдиктин белгилери байкалат. Булар бардык деңгээлде жүрөт. Дүйнө бир жылдыкты кантип белгилегени Россиянын эсинен чыккыс болот", – деп жар салган эле.
Символикалык жоруктар, санкциялардын кезектеги топтому дүйнөнү дүңгүрөтө алган жок, мартка жетпей унутулат. Бирок британиялык премьер Риши Сунактын "Чоң жетиликтин" жетекчилеринин Токиодо өткөн селектордук жыйынынын алдындагы айткандары бүйүр кызытпай койгон жок.
Сунактын канцеляриясы: "Премьер-министр эл аралык өнөктөштөрдү Украинанын фронт чегинен тыш россиялык күчтөргө зыян келтирүүсүнө көмөктөшүүгө үндөйт", – деген билдирүү таратты. Башкача айтканда, россиялык тылга сокку урууга кол кабыш кылууга чакырат. Анан калса "фронт линиясынын тышында" деген кеңири түшүнүк эмеспи, эгер өнөктөштөр макул болсо, анда Япония россиялык Ыраакы Чыгышка, ал эми Канада Россиянын арктикалык аймактарына тап бериши мүмкүн. Бул Украинага чоң жардам да, анткении россиялык күчтөрдүн бир даары жаңы багыттарга тартылып, азыркы согуштук аракеттер театрында россиялык активдүү жоокерлердин саны азая түшөт.
Киевди курал менен камсыздоодон кеп салган өнөктөштөр бомбалык жана ракеталык соккулар өздөрү тааныган чек арадагы Россиянын территориясын камтыбашы керектигин баса белгилеп келишет. Орлов жана Тула облустарын, Краснодар жана Ставрополь крайларын бомбалап кереги жок. Чынында батыштык өнөктөштөр өз сөзүнө кожоюн. Каалайбы берип, кааласа кайра кайтарып алат. Же таптакыр эч нерсе болбогондой түр көрсөтөт. НАТОнун Чыгышка карай кеңейбестиги тууралуу убадасын эстеңиз. Эми Англия ачык эле убада, анттардан карманып, ошол эле убакта башкаларды да буга үндөп туру.
1800-жылдын жыйырма төртүнчү декабрында Париждин Сен-Никез көчөсүндө жардыруу болгон. Операга бараткан Наполеонду аттарды камчылаган ылдамдык гана сактап калган дешет. Ошондон бир жылдан кийин март айында Михайлов сарайында император Павел Iнин мээсине доо кетет (апоплексия), буга Санкт-Петербургдагы англиялык элчи, лорд Уитворттун тиешеси бар экени айтылат.
Россиядан кабар алган Наполеон Бонапарт "англичандар Парижде мени "жаза атып", бирок Петербургда таамай тийди!"деп ачууланган. Белгилүү тарыхчы Тарле сыпайы түрдө"англиялык өкмөт ишин кылдаттык менен жыйынтыктоону каалаган. 1801-жылдагыдай Индияга сапарга камынып турган Павел Петровичке карата аракетти уюштуруп коюп, башкача айтканда, бул ишке тымызын көмөктөшүп, кийин кайра көңүл айтымыш үчүн мүмкүнчүлүк болмок. Баары баарын сопсонун аңдап турат, бирок формалдуу түрдө англичандардын түк тиешеси жок. Бирок, албетте, шибегени капка катып болобу?
1853-1856-жылдардагы Крымдагы согушта демократиялык Түркиянын суверенитетин жана территориялык бүтүндүгүн коргоо менен англичандар Севастополдун четинде согушуп гана эмес, Кронштадтка, Соловец аралдарына жана ал түгүл Петропавловск-Камчатскиге чабуул коюуга чейин барышкан. Анткен менен аракеттери майнапсыз болгон.
Эми британ премьери согушту жарыялабай туруп куралдуу диверсияларга барууну көздөөдө. Бирок талуу учурду түшүнгөндүктөн Риши Сунак бул демилгени "Чоң жетиликтин" өлкөлөрүнө таңуулагысы келет. Себеби ал диверсия үчүн немецтер да, италиялыктар да, коалициянын бөлөк мүчөлөрү да жооп тартсын деген ниетте.