Инвестиция деп алдаган каржы пирамидалары көбөйдү. Улуттук банктын эскертүүсү

Акча салууга уюмдан сунуш түшсө алгач алардын юридикалык жана финансылык документтери так экенине ынануу шарт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Улуттук банк инвестициялык компаниянын атын жамынган каржы пирамидалары активдешип баратканын айтып, жарандарды сак болууга чакырды.
Маалыматка ылайык, алар коммерциялык банктардагы депозиттер боюнча ченден жогорку сумманы убадалап, тобокелдиктер жоктугун айтышат.
"Белгилей кетүүчү нерсе, инвестиция өтө тобокелчиликтүү операция болуп саналат, ар бир кадамды кылдат талдоону талап кылат. Инвестициялык компанияга каражат салардан мурун анын иштөө тартибин, лицензиялык уруксат кагаздарын, финансылык отчетторун жана башка мүмкүн болгон юридикалык документтерин изилдөө зарыл. Көпчүлүк учурда инвестициялык компаниянын атын жамынган каржы пирамидалары иштеп жатат, мында алдоо жана салынган каражаттан кур калуу тобокелдиктери бар", — деп эскертти башкы банк.
Мыйзамдын талаптарына ылайык, аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугу Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын алган финансы-кредиттик уюмдарга гана таандык экени белгиленди. Алар тыкыр көзөмөлдө турат. Ошондой эле салымдар "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" мыйзам менен да корголот. Башка тараптар элдин акчасын көбөйтүп берем деп алууга укуксуз.
Улуттук банк мындай норманы бузгандар жоопкерчиликке тартыларын айтты.
"Ушул сыяктуу компанияларга карата кылмыш иши козголгон учурлар бар экендигин белгилей кетүү керек. Улуттук банк жарандарды акчасын "инвестицияларга" салуу процессине кылдат мамиле кылууга жана этият болууга чакырат. Инвестициялоодон мурун мүмкүн болгон бардык финансылык жана юридикалык документтерди изилдеп, инвестициялык келишимди кагаз түрүндө тариздөөнү талап кылуу керек", — деп жазылат билдирүүдө.
Аны менен катар Кыргызстанда расмий катталган банктык эмес финансылык уюмдардын тизмеси Улуттук банктын сайтында илинип турганы белгиленди.
Милиция тез байып кетүүнү убадалаган шылуундардан сак болууну эскертти