Медицинада адамдын организми 25 жашка чейин өсүү темпинде болот. Ошол үчүн бул куракка чейин көп уктоону каалоо норма болуп саналарын Гүласыл Сүтүева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жакшы уктагандык ден соолуктун чын экенинен кабар берет.
"Медицинада адамдын организми 25 жашка чейин өсүү темпинде гана болот. Демек, 25 жашка чейин жетиштүү уктагандан кийин деле уйкунун келиши норма катары эсептелет Ал эми так ушул убактарда уйкунун азайып кетиши ден соолукта көйгөй бар экенин билдирет. Мындай учурда дарыгерге кайрылып, көңүл буруш керек. Кичинекей бала да эгер уктай албай кыйналып жатса, анын бир жери ооруп жаткан болот. Дарыгерлердин да эне болууга даярдангыла деп айтканы ошондон. Бизде, тилекке каршы, үй-бүлө курууга даярдык көрүлбөй келет. Энеси кызына айткандан, кызы энесинен сурагандан уялып, боюнда болуп калат. Ошондуктан өспүрүм кезде эле үй-бүлөнү пландаштыруу тууралуу маалыматка ээ болгон дурус. Өнүккөн өлкөлөрдө үйлөнөрдүн алдында эки жаш текшерүүдөн өтүп, каны туура келген-келбегенин аныкташат", — деди Сүтүева.
Ал өлкөдө ден соолугу начар балдардын төрөлүшүн ата-энелердин үйлөнөр алдында медициналык кароодон өтпөгөндүгү менен байланыштырды.