Президент ажылык сапарды уюштурууда коррупцияга жол бербөөгө чакырды

Өлкө башчы ажылык сапарды уюштурууда баштапкы жылдары финансылык эреже бузуулар жана коррупция сыяктуу жагымсыз фактылар болгонун эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров менен Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиевди кабыл алды.
Муфтийдин айтымында, быйылкы жылы Сауд Арабия Меккеге ажылыкка барууну каалаган кыргызстандык зыяратчылар үчүн 6 110 квота бөлгөн. Коррупцияны алдын алуу, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана каражаттын туура пайдаланылышын көзөмөлдөө максатында республикалык штаб түзүлгөн. Анын курамына мамлекеттик органдардын, анын ичинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирген.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров менен Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиевди кабыл алды

2 / 3

Муфтийдин айтымында, быйылкы жылы Сауд Арабия Меккеге ажылыкка барууну каалаган кыргызстандык зыяратчылар үчүн 6 110 квота бөлгөн

3 / 3

Абдыкаров комиссиянын учурдагы ишмердүүлүгү, аткарылган иштер жана жакынкы келечектеги артыкчылыктуу пландар тууралуу маалымат берген

Абдыкаров комиссиянын учурдагы ишмердүүлүгү, аткарылган иштер жана жакынкы келечектеги артыкчылыктуу пландар тууралуу маалымат берген.
Ал эми президент Жапаров алдыдагы ажылык сапарга даярдык көрүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо өзгөчө маанилүү экенин баса белгилеген.
"Ал ажылык сапарды уюштурууда мурдагы жылдары финансылык эреже бузуулар жана коррупция сыяктуу жагымсыз фактылар болгонун эске салды. Президент элдин ажылыкка жумшай турган акчасы аз сумма эместигин, ошондуктан алар берген каражаты кайсы жактарга сарпталгандыгын билүүгө толук акысы бар экендигин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров "2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө" президенттин жарлыгы чыкканын айтып, дин жаатында саясатты ушул документке ылайык жүргүзүү маанилүү экенин белгилеген.
Ошону менен бирге президент маркумду акыркы сапарга узатуу, ашын берүү жана башка каада-салт, иш-чараларда ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөө максатында иштелип чыккан "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкты элге түшүндүрүү боюнча активдүү ишти улантууну тапшырды.
Саясат жасабагыла! Муфтият ажылык сапар боюнча депутатка жооп берди