Теңиз Бөлтүрүк Садыр Жапаровго кат жазып, кечирим сурады

Башкы прокуратура "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Тергөө абагында отурган Теңиз Бөлтүрүк президент Садыр Жапаровго кат жазып, кечирим сурады. Кайрылуусун Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров социалдык тармактагы баракчасына чыгарган.
Жактоочу Бөлтүрүктүн камакка алынганына беш айдын жүзү болгонун эске салып, анын Кумтөрдү кайтаруудагы эмгегин белгилеген.
Ал эми Теңиз Бөлтүрүк өлкө башчысына жолдогон катында коюлган милдеттерди жана жоопкерчиликти толук аткара албай калганына кечирим сурап, ырайым кылууну өтүнгөн. Ал жумасына 75-80 сааттан иштесе да Улуттук холдингдин иштерин, кесиптештерин көзөмөлдөөгө жалгыз үлгүрбөгөнүнө токтолгон.
"20 жылдан ашык Кумтөрдө терең сиңип, жакшы уюштурулган коррупциялык схемаларды толук жойгонго жалгыз алым жетпеди. Мен үчүн бул турмуштук чоң сабак болду. Бирок Сизге мен сөз бергендей, өзүм ошол схемаларга аралашкан жокмун, пара алган жокмун. Сиздин абийириңизди түшүрүп же саткынчылык кылып уятка калтырган жокмун жана эч качан кылбайм", — деп жазылган катта.
Бөлтүрүк, мындан тышкары, өкмөттөгү кимдир бирөөгө тоскоолдук жаратса тынч эле Канадага кетип калууга даяр экенин белгилеген.
"Азыр Сиз гана менин адилеттикке жана ырайымдуулукка үмүтүмсүз жана ишенимсиз. Эгерде дагы эле мага ишенсеңиз Сизге жардам берүүгө даярмын. Колуман көп жакшы нерселер келет. Эгер мен өкмөттөгү кимдир бирөөгө тоскоолдук кылып жатсам, анда тынч эле Канадага кетүүгө даярмын. Азыр баары кудайдын жана Сиздин колуңузда, туура чечим кабыл аласыз деп ишенем", — деп кат соңуна чыккан.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. Мындан улам жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк 13-сентябрда кармалып, учурда тергөө абагында отурат.
Андан мурда Эсеп палатасы "Кумтөр голд компани" ишканасынан финансылык алешемдиктерди аныктап, компания жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк менен финансы директору Рыспек Токтогулов кызматтан четтетилген.
Теңиз Бөлтүрүк Кумтөр 2025-жылы жабылып калышы мүмкүндүгүн эскертти