Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков Кытайдын тынчтык планын Кремль кандай кабыл алганын айтты

Буга чейин Кытай украин кризисин чечүүнүн принциптерин сунуштаган. Пекин бир тараптуу санкциялардын орунсуз колдонулушуна каршы.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кремль КЭРдин Украина боюнча тынчтык планына чоң көңүл бурат. Ошентсе да ага тыкыр анализ жасалышы керек. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Ага журналисттер Кремль Кытайдын планы менен таанышкан-таанышпаганы жана ага кандай баа берилгени тууралуу суроо узатышкан.
"Чырды тынчтыкка багыттоого аракет жасаган бардык пландар көңүл бурууга татыктуу. Достук мамиледеги Кытайдын дагы мындай планына кунт коюп, көңүл бурабыз. Ал эми аны тыкыр карай келгенде, албетте, бардык тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен дыкат анализ жасалышы керек. Бул өтө узак жана катаал процесс", — деди Песков.
Буга чейин Кытай украин кризисин чечүүнүн принциптерин сунуштаган. Анда бардык тараптар сабырын сактап, отко май тамызбай, карама-каршылыкты курчутпашы керектиги белгиленген. Ошондой эле Пекин бир тараптуу санкциялардын орунсуз колдонулушуна каршылыгын айткан. Өлкө бийлигинин айтымында, мындай жагдай кырдаалды жөнгө салбастан, тескерисинче, улам жаңы кыйынчылыктарды жаратууда.
Буга жооп катары АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Вашингтон Киевге Москва менен кантип тил табышуу керектиги боюнча көрсөтмө бербей турганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
БУУнун Башкы Ассамблеясы Украина боюнча антироссиялык резолюцияны кабыл алды