Кыргыз балбандары Египеттен дагы эки алтын медаль утту. Видео

Финалда Тайырбек Жумашбек уулу украиналык спортчуга, ал эми Эрназар Акматалиев америкалык атаандашына жеңилүү ызасын тарттырды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Тайырбек Жумаш уулу менен Эрназар Акматалиев Александрияда (Египет) өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде алтын медаль утуп алышты.
61 килограммдык салмак категориясында чыккан Жумашбек уулу финалда украиналык спортчу Тарас Марковичти, 70 килограмм категориясында Акматалиев америкалык Лукас Дакота Читтумду 10:0 эсеп менен жеңип алган.
Азыр Кыргызстандын байге куржунунда 9 медаль бар, анын үчөө алтын. Биринчи баш байгени Айсулуу Тыныбекова алып келген.
Айпери Медет кызы эл аралык беттеште күмүш медаль утту