Иманалиев: жаңы орун басар алам, ал өлкөнүн карызы боюнча иш алып барат

Натыйжада кечирилген каражат билим берүү системасына жумшалат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрине дагы бир орун басар кызматын түзүү пландалууда. Бул туурасында министрге талапкер Каныбек Иманалиев парламенттин Социалдык саясат комитетинде билдирди.
Анын айтымында, ал орун басары мамлекеттин тышкы карызын төлөө мөөнөтүн жылдыруу же кечирүү боюнча иш жүргүзөт. Натыйжада кечирилген каражат билим берүү системасына жумшалат.
"БУУнун "Миң жылдыктын чакырыктары" деген программасы бар, төртүнчү пунктунда тышкы карызды билим берүүгө алмаштыруу жазылган. Менин бир орун басарым бюджеттен айлык албайт, гранттардан карап төлөп беребиз. Бул үч жылдан кийин эффект берет. Бирок ошол карызга төлөй турган акчаны мага, билим берүүгө бересиңер. Бул кызматка мыкты дипломатия, өтө терең билим керек, анан бизди колдогон өлкөлөр болушу шарт. Ошол боюнча бизде адистер жокко эсе экен, азыр издеп жатабыз", — деди Иманалиев.
Ошондой эле ал мындай идеяны президент Садыр Жапаров колдогонун белгиледи.
Бул салт болуп калыш керек. Иманалиев Жапаровдун командасына кошулганы тууралуу