Акылбек Жапаров: тынч жашагысы келбегендердин мизин кайтарууга кудуретибиз жетет

Министрлер кабинетинин төрагасы Баткендеги чек ара жаңжалында жарактан чыккан үйлөрдүн ордуна курулуп жаткан турак жайлардын сапатын көрүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Эми тынч жашагысы келбегендерден элин коргоо үчүн Кыргызстандын кудурети жетет, бардык жаңы техникалар келген. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы иш сапарында айтканын өкмөттөн маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Жапаров чек ара жаңжалында бузулган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышууда. Министрлер кабинетинин төрагасы сапарынын экинчи күнүндө Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк, Кара-Бак, Достук айылдарында курулган үйлөрдү көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
1 / 5

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек ара жаңжалында бузулган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышууда.

2 / 5

Министрлер кабинетинин төрагасы сапарынын экинчи күнүндө Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк, Кара-Бак, Достук айылдарында курулган үйлөрдү көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

3 / 5

Өкмөттүн маалымат кызматы курулуш иштерин 33 субподрядчы уюм, 2000ге жакын курулушчу жүргүзүп жатканын кошумчалады.

4 / 5

Билдирүүгө ылайык, аларга курулуш каражаттары толук жеткирилген. Бүгүнкү күнгө карата 332 үй курулуп бүткөн.

5 / 5

Жалпысынан жарактан чыккан 418 үйдү жаңыдан куруу каралган болсо, 317 үй Баткен районунда курулду.

"Оору кайсы жерде болсо, жаның ошол жерде дейт. Баткенде тынчтык болмоюнча, Баткен өнүкмөйүнчө баарыбыздын ишибиз, аракетибиз ушул жерде болот. Армиябызды, чек арабызды күчтөндүрөбүз. Кирем дегендердин мизин кайтарууга кудуретибиз жетет. Бардык жаңы техникалар келген", — деди Акылбек Жапаров.
Өкмөттүн маалымат кызматы курулуш иштерин 33 субподрядчы уюм, 2000ге жакын курулушчу жүргүзүп жатканын кошумчалады. Билдирүүгө ылайык, аларга курулуш каражаттары толук жеткирилген. Бүгүнкү күнгө карата 332 үй курулуп бүткөн. Жалпысынан жарактан чыккан 418 үйдү жаңыдан куруу каралган болсо, 317 үй Баткен районунда курулду. Ал эми калган 86 турак үйдүн курулуш иштери мартта бүтүп, колдонууга берилет.
Министрлер кабинетинин төрагасы үйлөр курулуп бүтсө жол салууну, көчөнү көрктөндүрүүнү, жарыктандыруу иштерин баштоо зарыл экендигин билдирди.
"Туура, буга чейин курулуш каражаттарын жолдон өткөрө албай туруп калгандыктан иштер башталган эмес. Эми жолдор салынып, электр зымдары тартылып, таза суу, сугат суу системалары толугу менен ишке кирет. Айрыкча таптакыр талкаланып кеткен Капчыгай, Ак-Сай айылдарына көчө бойлото арча-карагай отургузуу унутта калтырылбасын. Президенттин татынакай айыл болуп калсын деген тилегин баарыбыз ишке ашырууга милдеттүүбүз", — деди Жапаров.
Баткендеги жабыркаган элге, ишкерлерге компенсация кыска мөөнөттө төлөнөт дешти