Күн жылыйбы? Жаздын алгачкы аптасына карата аба ырайы

Жуманын башында күн бир аз сууктап, андан соң жылый баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, борбор калаа Бишкекте жуманын башынан аягына чейин жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй облусу

26-февралдан 2-мартка чейин күн ачык болот. 3-мартта күндүз тоолуу райондорго кар жаайт, дыйканчылык аймактарда күндүн көзү бузулбайт. 4-мартта булуттар тарап, асман ачылат.

Талас облусу

26-февралдан 2-мартка чейин жаан жаабайт. 3-мартта күндүз тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. 4-мартта кайра күн ачылат.

Ош облусу

26-февралда тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ачык бойдон турат. Ошол бойдон аптанын аягына чейин күндүн көзү бузулбайт.
Канатчан асылдар жарыгын чача берсин. Кишинин турпаты, сүрү, сөөлөтү деген эмне?

Жалал-Абад облусу

26-февралдан 1-2-мартка чейин жаан-чачын болбойт. 3-мартта күндүз тоолуу райондорго кар түшөт, бирок дыйканчылык аймактарга жаабайт. 4-мартта күн ачык болот.

Баткен облусу

Жуманын башынан аягына чейин облустун аймагында жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл облусу

26-февралда тоолуу райондорго кар жаайт, бирок дыйканчылык аймактарга түшпөйт. Эртеси күн ачылып, 4-мартка дейре жаан-чачын болбойт.

Нарын облусу

Облустун аймагында апта соңуна чейин жаан-чачын болбойт.
Күрп-Сай ГЭСи беш жылда кантип курулган? Архивдик ирмемдер