Адистер гипертонияны алдын алуу жолдорун айтып беришти

Басым өлчөө. Иллюстративдик сүрөт
Көп учурда гипертония илдети 55 жаштан жогорку курактагы адамдарда пайда болсо, соңку мезгилдери жаштарды да тооруй баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Гипертония оорусуна чалдыгууну алдын алуу боюнча бир нече кеп-кеңешти Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери "Сак-саламат" Telegram каналы аркылуу айтып беришти.
Гипертония — артериялык кан басымдын 140/90 мм. сымап мамычасынын (сым. мам.) узакка жана туруктуу жогорулашынан улам пайда болуучу жүрөк-кан тамыр системасынын өнөкөт илдети.
"Көп учурда гипертония оорусу 55 жаштан жогорку курактагы адамдарда пайда болот, ал эми акыркы кезде бул оору андан дагы жаш курактарда кездешүүдө", — деп айтылган кеңеште.
Сергек жашоо мүнөзү жана туура тамактануу дени сак жүрүүгө жардам берерин эскертишти.
Адистер төмөнкү эрежелерди сактоо керектигин айтышты:
Артериялык кан басымга көзөмөл кылып туруу. Нормада болгон АКБ 140/90 мм. сым. мам. жогору болбошу керек;
ашыкча килограммдардан арылып, адам өзүнүн салмагына көз салып жүрүшү кажет;
тузду колдонууну күнүнө 5 граммга чейин чектөө жана тамакты тузун кем кылып жасоо;
майлуу тамакты азайтуу;
жашылча-жемишти көбүрөөк, суткасына 400 граммдан кем эмес өлчөмдө жеген жакшы;
чылым чегүүдөн жана алкоголь ичимдигин ашыкча ичүүдөн баш тартуу;
жайдары, сабырдуу болуу, стресске кабылбоого аракет кылган оң;
күн сайын 30-40 мүнөт кем эмес кыймылдап, зарыл болгон көнүгүүлөрдү жасоо керек.
Кулагын жаап жаткан кыз. Архив
Дарыгер кулактын эмнеге чуулдай турганын айтып берди