Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Немец саясатчысы Киевге курал бергенде жаралган тобокелдиктерди көрсөтүп берди

Украинага жөнөтүлгөн куралдар террорчулардын колуна тийип калса, анын ЕБ өлкөлөрүндө колдонулуш кооптуулугу бар.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Киевге берилген куралдар чатак аяктаган соң туруктуулук болбогон аймактарга тарап кетиши мүмкүн. Бул туурасында "Германиянын альтернативасы" деп аталган партиянын бундестагдагы депутаты Штеффен Котре айтканын РИА Новости жазды.
"Украинадан курал-жарак, ок-дары, жарылуучу каражаттардын Европа биримдигине жана Германияга түшүп калышы боюнча олуттуу кооптуулук бар экендигин өкмөт өзү айтып жатат", — деп жазган ал.
Депутат немец бийлиги берилген куралдардын кайра кайтарылышы боюнча механизмдерди түзүү жаатында Киев менен сүйлөшүүгө эч кандай кадам жасабай жатканын белгилеген. Котре Берлиндин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам куралдардын террорчулардын колуна түшүп, андан соң ЕБ мамлекеттеринде колдонулуп кетүүсүнөн чочулап жатканын айткан.
"Украинага курал-жарак берүү — кесепетин тийгизчү олуттуу ката. Бул согуштун аякташына эле алып келбестен, аны улантат", — деп жыйынтык чыгарган саясатчы.
Батыш мамлекеттери Украина согуш талаасында Россияны жеңиши керектигин дайыма айтып, аны менен кошо курал-жарак, аскердик техникаларды жөнөтүп келишет.
Буга чейин РФ НАТОнун мамлекеттерине Украинага курал-жарак берип жатканы үчүн нота жөнөткөн. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу максатында жөнөтүлгөн жүктүн кандай гана түрү болбосун, Москва үчүн мыйзамдуу бута болорун эскерткен. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ: Украинага F-16 истребителдери, Abrams танкалары керек эмес