"Хоргос" пандемиядан кийин биринчи ирет иштей баштайт

"Хоргос" COVID-19 пандемиясы башталганда ишин токтоткон.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Казакстан Кытай тарап менен сүйлөшүп, андан улам эки өлкөнүн чек арасындагы "Хоргос" эл аралык борбору кайрадан иштей турган болду. Бул туурасында Sputnik Казакстан өлкөнүн өкмөт башчысы Алихан Смаиловдун айтканына таянып жазды.
"Хоргос" чек ара аймагындагы кызматташууда эл аралык борбор катары кызмат кылып, деңиздик логистикалык хаб сымал каралып келген.
Эске салсак, бул борбор COVID-19 пандемиясы башталганда ишин токтоткон.
ЕАЭБдеги кымбатчылык: Казакстан алдына эч кимди салбай келе жатат