Айсулуу Тыныбекова Египеттеги рейтингдик турнирде алтын медаль утту. Видео

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Египетте өтүп жаткан күрөш боюнча рейтингдик турнирде алтын медаль утту. Ал финалда кытайлык Сяожюан Луо менен күрөшүп, 3:2 эсебинде жеңди.
Sputnik
Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгып, таймашын 1/8 финалдык баскычтан баштады. Катары менен Франция, АКШ жана Украинанын спортчуларын жеңип, финалга жолдомо алган.
Ал эми Кыргызстандын кыз-келиндер командасынын дагы эки мүчөсү, Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы коло медалга ээ болушту.
Азыркы тапта Александрия шаарында (Египет) грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча рейтингдик Ibrahim Moustafa мелдеши өтүп жатат.
Тема боюнча:
Сууда сүзүүчү Денис Петрашов АКШдагы мелдеште рекорд жаратты