БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Украина кризисин жөнгө салуу үчүн кансыз согуш менталитетинен арылып, бардык мамлекеттердин мыйзамдуу кызыкчылыгын урматтоо керек. Бул тууралуу Кытайдын жаңжалды жөнгө салуу боюнча сунуштаган документинде айтыларын РИА Новости жазды.
Ал 12 пунктудан турат.
"Кансыз согуш менталитетинен арылуу зарыл. Бир өлкөнүн коопсуздугу үчүн башка мамлекеттерди кооптуулукка кептөө туура эмес, аймактагы коопсуздукка аскерий блокторду күчөтүү менен жетүүгө болбойт. Коопсуздуктун мыйзамдуу кызыкчылыгына жана башка мамлекеттердин тынчсыздануусуна олуттуу мамиле жасалып, эске алынышы керек", — деп айтылат биринчи пунктуда.
Документте Кытай дүйнөлүк экономиканын саясатташтырылышына жана аны курал катары пайдаланылышына каршы экени белгиленген.
"Согушта, жаңжалда жеңүүчү болбойт. Бардык тараптар сабырын сактап, отко май тамызбай, карама-каршылыкты курчутпашы керек. Ушу тапта украин кризисин катуулатпай, Россия менен Украинанын эпке келүүсүн колдоо маанилүү, диалогду жандантуу зарыл", — деп айтылат сунушта.
Пекин бир тараптуу санкциялардын орунсуз колдонулушуна каршылыгын билдирген. Өлкө бийлигинин айтымында, мындай жагдай кырдаалды жөнгө салбастан, тескерисинче, улам жаңы кыйынчылыктарды жаратууда.
Ал арада Кытайдын планына жооп кылып, АКШ үн катты. Вашингтон Киевге Москва менен кандайча тил табышарын айтып буйрук бере албай турганын президенттин кеңешчиси Жейк Салливан билдирди.
"Эртеңки күн кандай болорун айта албайм, бирок АКШ Украинага бул согуш кандайча бүтөрүн көрсөтүп-көздөй албайт", — деди ал.
Салливандын айтымында, Кытайдын планындагы өлкө суверенитетин сактоо тууралуу айтылган биринчи пунктуна чындап токтолсо болот.