БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Ишемби күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +1...+6, Таласта 0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көлдө +4...+9 жана Нарында -2...-7 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +3...+5 жана Ош шаарында +5...+7 градусту көрсөтөт.