Бекешев: кээ бир депутаттар "айкосыга" лобби кылып жатат

Депутаттын айтымында, анын кесиптештери электрондук тамекиге акциздик салыкты төмөндөтүүнү сунушташууда.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары электрондук тамекиге болгон акциздик салыктын төмөндөшүн лобби кылып жатат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналына жазды.
"Тилекке каршы, "айкосы" деп аталып жаткан электрондук тамеки боюнча дебаттар жүрүп жатат. Элестеткиле, көпчүлүк депутаттар акциздик салыкты төмөндөтүү боюнча сунуштарын берүүдө. Алардын айтымында, "айкосы" тамекиге караганда анча зыян эмес имиш. Чынында буга лобби болуп жатат. Бул өтө коркунучтуу", — деп жазды депутат.
Анын айтымында, тамеки саткан компаниялардын бири өзүнүн кызыкчылыктарын ар кайсы депутатка, депутаттык топтун лидерине (ысымы айтылган эмес) кайрылуу менен коргоп жатат.
"Кесиптештерим эмне кылып жатканын түшүнбөй жатышат. Салыкты түшүргүдөй бул биринчи керектелүүчү азык эмес да... ЖМКда дагы "айкосыга" салыкты түшүрүү керек деген макалалар чыкты. Эгер бул нерсе улана берсе фамилияларды ачыктоого аргасыз болом", — деп эскертти депутат.
Парламентте эки депутаттык топ бар. Алар "Мекенчил" (лидери Эльмурза Сатыбалдиев) жана "Элдик" (лидери Акылбек Түмөнбаев).
Чылымды таштаган соң организм канча убакытта калыпка келери айтылды