Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Журналист Херш Байден АКШнын сырдуу планын кокустан ачыктап алганын айтты

Херштин айтымында, Байден "Түндүк агымды" саясий көз караштан улам жардырган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. АКШнын башчысы Жо Байден газ куурларынын ишин кантип токтотуу керектигин биле турганын коомчулукка жарыялап жатканда "Түндүк агымды" жардыруу боюнча жашыруун планды кокустан ачыктап салган. Бул тууралуу америкалык журналист Сеймур Херш RT телеканалына курган маегинде билдирди.
"Президент маалымат жыйыны учурунда "Биз "Түндүк агым — 1ди" токтотобуз" деп айткан. Анын мындай сөзүнөн кийин журналист "Кантип ишке ашырасыңар?" деп суроо узаткан. Байден болсо "Биз эмне кылышты билебиз. Жасай алабыз" деген эле", — деди Херш.
Журналист бул билдирүү планды түзгөн топтун маанайын түшүргөнүн, себеби жасала турган операция сыр болгонун белгиледи.
"Алар суучулдарды ишке тартып, жардыруучу каражаттарды бир нече ай мурда эле орнотуп коюшкан", — деди ал.
Херштин айтымында, Байден "Түндүк агымды" саясий көз караштан улам жардырды. Ал катуу суук түшкөндө Германия менен Батыш Европа түтүктөрдү ачып жибербесин деген максатты көздөгөн.
Сеймур Херш — белгилүү америкалык журналист. Вьетнамдагы согуш учурунда америкалык аскерлердин куралсыз адамдарды массалык түрдө кырганы тууралуу иликтөөсү үчүн Пулитцер сыйлыгына (1970) татыган.
АКШ "Түндүк агым" боюнча актанып, ага Россиянын дипөкүлчүлүгү жооп берди