БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Украинанын бийлиги Приднестровье Молдова Республикасына (же Приднестровье, 1990-жылы Молдовадан көз карандысыздыгын жарыялаган — ред.) каршы куралдуу провокацияны Украинанын Куралдуу күчтөрү жана “Азов”* улутчулдарынын жардамы менен даярдап жатат. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги өзүнүн Telegram баракчасында билдирди.
“Колдо болгон маалыматка ылайык, Киев режими Приднестровье Молдова Республикасына каршы куралдуу провокацияны даярдап жатат. Аны Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жана “Азов” улутчул түзүмүнүн жардамы менен ишке ашырышат”, — деп айтылат билдирүүдө.
Приднестровье аймагынан орус аскерлери чабуул жасады деген жалган шылтоо менен басып кирүү пландалып жатканы белгиленди.
“Бул үчүн украиналык диверсанттар Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин формасын кийип, жасалма чабуулду уюштурат”, — деп айтылат маалыматта.
Коргоо министрлиги Украина менен Приднестровьенин чек арасындагы кырдаалга көз салып жатканын жана абалдын өзгөрүшүнө жооп берүүгө даяр экендигин билдирген.
Приднестровье Молдова Республикасы 1990-жылы 2-сентябрда өз көз карандысыздыгын жарыялап, 1992-жылы толугу менен Молдовадан бөлүнгөн. Молдова өз кезегинде республиканы тааныган эмес, мындан улам аталган аймактын статусу чечилбей келет. 2006-жылдын 17-сентябрында өткөрүлгөн республикалык референдумдун жыйынтыгында Приднестровье Молдова Республикасы өзүнүн мыйзамдык базасын россиялык мыйзамдарга ылайыкташтырып, андан ары Россия Федерациясына кошулууга умтулуп келет.
* Россия Федерациясында тыюу салынган террордук уюм.