Жогорку Кеңеш үч айыл, бир райондун аталышын өзгөртө турган болду

Бийликтегилер Чыңгыз Айтматов, Ормон хан жана Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн өзгөртүү кире турганын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеш үч айыл менен бир райондун аталышын өзгөртө турган мыйзам долбоорун кабыл алды.
Тизме:
Таластын Кара-Буура районуна Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилмекчи;
Нарындагы Кош-Дөбө айылы Ормон хан айылы деп атала турган болду;
Ноокаттагы Борбаш айылы Кайрагач деп өзгөрөт;
Кара-Буура районундагы Чымкент айылына Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымы берилет.
Бийликтегилердин Чыңгыз Айтматов, Ормон хан жана Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн өзгөртүү кире турганын айтканы бар.
Бул өзгөрүүлөргө сегиз миллион сом керектелмекчи. Финансылоо жергиликтүү бюджеттин жана кайра атоону демилге кылып көтөргөндөрдүн эсебинен болмокчу.
Халмион – Жеңиш, Маргун – Кең-Талаа болду: Баткенде 13 айылдын аталышы өзгөрдү