Ош шаарында быйыл 30 миңден ашуун көчөт, 1,5 млн. гүл отургузулат

Калаа бийлиги бул жылы көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Ош мэриясы быйыл шаарды жашылдандыруу максатында 30 миңден ашуун көчөт отургузуларын билдирди.
Маалымат кызматы билдиргендей, бул багытта иштер башталып, кечээ жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ата-Түрк паркына 40 түп ак кайың көчөтүн отургузган.
"Быйыл шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулат. Анын алкагында 1,5 миллионго жакын гүл, анын ичинде 10 миң жоогазын отургузулат", — деди вице-мэр Сонунбек Жунусбаев.
Ошондой эле "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасы тарабынан 500 түп ийне жалбырактуу, 500 түп жазы жалбырактуу жана 20 000 түп бадал көчөттөрүн тигүү пландалууда. Аны менен катар муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан 10 миң түптөн ашуун дарак отургузулмакчы.
Радио
"Жашыл мурастын" алкагында 15 млн. көчөт даярдоо пландалууда