БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Арак же коньяк? Кайсы ичимдиктин ден соолукка зыяны азыраак? Бул суроолорго нарколог Марина Калюжная "Доктор Питер" басылмасына курган маегинде жооп берди.
"Чынын айтканда, 30-40 грамм коньяк кан басымын түшүрөт. Бирок бул ичимдикти жумасына 1-2 жолу гана ичүү сунушталат. Ашыкча көлөмдө ичүүгө такыр болбойт. Алкоголдун минималдык дозасы кан басымын түшүрөт, бирок андан соң баары бир аны көтөрүп жиберери эсиңизде болсун", — деген нарколог.
Дарыгердин айтымында, ичүүгө арак же коньяк жакшы деп сунуштоого болбойт. Анткени экөө тең организм үчүн терс таасирин берген "уу" болуп саналат.
"Коньяк менен арактын ден соолукка эч кандай пайдасы жок. Алар адамды бирдей мас кылып, нерв клеткаларын жабыркатат. Ошондой эле адам андан көз каранды болуп калышы мүмкүн", — деп кошумчалаган Калюжная.