КРде инфляция тездик менен өстү, бирок жакшы божомолдор дагы бар

Өткөн жылдын декабрь айында инфляциянын деңгээли 14,7 пайызды түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстанда инфляция тездик менен өсүп, 15,3 пайызга жеткенин Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) билдирди.
Өткөн жылдын декабрь айында инфляциянын деңгээли 14,7 пайызды түзгөн.
Банктын маалыматы боюнча, азык-түлүктүн баасынын өсүшү (16,8 пайыз) инфляциянын негизги бөлүгүн түздү. Ал эми кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин динамикасы 9 пайызда кармалып турат. Башка тармактагы баалар январь айында мурдагы 12,7 пайыздан 14,1 пайызга чейин өстү.
Импорттолгон товарлардын (кийим-кече жана бут кийим, турмуш-тиричилик буюмдары) наркы дагы өсүүсүн улантууда.
"Азырынча биз сомдун арзандашы убактылуу жана анын ички баага тийгизген таасири жакынкы айларда алсырай баштайт деп эсептейбиз", — деп айтылат ЕАӨБ билдирүүсүндө.
Муну менен катар банк адистери 2022-жылдын март-апрель айларындагы инфляциянын өсүшүн эске алганда, жаздын ортосунда баалардын өсүү темпинин басаңдай турганын айтышты.
Дүйшеев: эл жашыл экономика тууралуу кенен түшүнгөндө гана бул тармак алдыга жылат