УКМК: Сузакта аялдарды мыйзамсыз окуткан диний борбор жабылды

Текшере келгенде мугалимдердин өздөрүнүн жогорку диний билими жок болуп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Сузак районундагы Мундуз айылында 30га чукул аялды окуткан "Чолпонай" диний билим берүү борборунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.
1 / 2

Сузак районундагы Мундуз айылында 30га чукул аялды окуткан "Чолпонай" диний билим берүү борборунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду

2 / 2

Бул жай жарандарды экстремисттик жана террордук аракеттерге тартуунун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында аныкталган

Бул жай жарандарды экстремисттик жана террордук аракеттерге тартуунун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында аныкталган.
"Диний борбордо үч мугалим эмгектенип, 30га жакын жергиликтүү тургундар (аялдар) билим алышкан. Сабактар жумасына эки жолу өткөрүлүп, алар Курандын негиздерин жана исламий укук илимин үйрөтүшөт. Ошол эле учурда мугалимдердин жогорку диний билими жок болуп чыккан", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгында диний окуу борборунун ишмердүүлүгү токтотулуп, "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 142-беренесине ылайык тиешелүү актылар түзүлүп, 5500 сом өлчөмүндө айып салынган.
Казакстанга кирип баратканда кандай китептерди албаш керек. ИИМ эскертти