Садыр Жапаров: Бакиев Кыргызстанга келсе камакта отурушу керек

Мамлекет башчы соттун чечимдерине баш ийүү керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Курманбек Бакиевге соттун чечими бар, ал Кыргызстанга келсе камакта отурушу керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Өлкө башчы экс-президенттердин Дубайда чогулганы боюнча "Кабар" улуттук агенттигине маек курду. Анда журналист "Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келели деп жатасыңарбы?" деген суроону берген. Садыр Жапаров андай кептерди четке какты.
"Көпчүлүк бул жолугушуу ушул максатты көздөгөнүн жазышууда. Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз да. Бакиевден башкасынын баары Бишкекке келе алат. Бакиевге соттун чечими бар. Ал келсе камакта олтуруш керек. Соттун чечимдерине баш ийишибиз керек", — деди президент.
Ал ошондой эле мындан аркы кадамдар кандай болорун дагы айткан.
"Бул ынтымактуу жолугушуу өз жолу менен, мыйзам алдында кимдин жоопкерчилиги болсо ал өз жолу менен улана бериши керек. Мыйзамдарды, соттун чечимдерин аттап өтмөй жок! Мындан ары деле ынтымак чогулуштарды улай беребиз. Мен бардык саясатчыларды ынтымак столго олтургузууга даярмын. "Ынтымак бар жерде - ырыс бар" дейт эмеспи элибизде", — деген Жапаров.
Эске салсак, 18-февраль күнү президент Садыр Жапаров өзүнүн соцтармактагы баракчасына мурдагы президенттерди бир столго отургузуп ынтымакка чакырганын билдирген. Мындан улам коомчулукта Кыргызстанга мурдагы президент Курманбек Бакиевди алып келүү аракети болуп жатканын айтып сындашкан.
C.Жапаров Атамбаев менен Жээнбеков Дубайга барганга чейин эле элдешкенин айтты