Японияда белгисиз шар табылды. Сүрөт

Шар табылган жердеги жолдор жабылып, аймактагы кыймыл көзөмөлгө алынды. Белгисиз объектини адистер текшерип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Япониянын Намамацу шаарындагы Цубои аймагында эртең менен диаметри 1,5 метрге жеткен шар табылды. Божомолдор боюнча, шар металлдан жасалган. Бул тууралуу РИА Новости Daiichi TV телеканалына шилтеме кылып жазды.
Полицияга жергиликтүү тургун телефон чалып табылга тууралуу маалымат берген.
Шар табылган жердеги жолдор жабылып, аймактагы кыймыл көзөмөлгө алынды.
Белгисиз объект адистер тарабынан текшерилип жатат. Шардын сүрөтү Япониянын коргонуу күчтөрүнүн эксперттерине жөнөтүлгөн.
Япониянын жээкти күзөтүүчү кызматынын Омаэдзаки бөлүмү металлдан жасалган шар эмне экени азырынча аныктала электигин РИА Новостиге билдирген.
Белгилей кетсек, бул биринчи белгисиз объект эмес. Жакында эле америкалык истребителдер Аляска, Канада жана Гурон көлүнүн үстүнөн учкан үч белгисиз бутаны жок кылышкан. Түндүк америкалык абадан коргонуу (NORAD) командачылыгынын башчысы Глен ван Херк 10-12-февраль күндөрү атып түшүрүлгөн анча чоң эмес, жайыраак жүргөн объектилер ылдамдыгы, көлөмү боюнча Жер планетасынан тыш чыгарылган деген пикирди жокко чыгарбай турганын айткан. Ал ошондой эле соңку тыянакты чалгындоо кызматы чыгарышы керектигин кошумчалаган.
Кытайдын Россия менен чектешкен Хэйлунцзян провинциясындагы Цицикара шаарынын жашоочулары асманда белгисиз шарлар учуп жүргөнүн соцтармактарга жазышууда. Кээ бир божомолдор боюнча, аскер учагы таштаган "жалган жылуулук" болушу мүмкүн.
Американын асманындагы тиреш: NORAD чет планетадагыларды да жокко чыгарбайт