БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. 21-22-февралдагы түшкөн кардан улам өлкөнүн тоолуу аймактарындагы жолдордо, ашууларда көчкү түшүү кооптуулугунан улам жолго чыккандарга Кыргызгидромет эскертүү берди.
Агенттик көчкү түшүп, күрткү жаралуу ыктымалдуулугу жогору экенин, жол тайгак болуп муз тоңорун билдирип, жүргүнчүлөр түшкөн автоунаалардын арасында 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын айтты.
Төмөнкү жерлер кооптуу экени белгиленди:
Бишкек — Ош жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу);
198-265-чакырымы (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), 356-358-чакырымы (Көк-Бел ашуусу);
Суусамыр — Талас — Тараз жолу 1-14-чакырымы (Өтмөк ашуусу);
Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 58-113-чакырымы (Чапчыма ашуусу);
Красная-Горка — Ак-Таш автоунаа жолунун 0-4-чакырымы;
Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-107-чакырымы;
Бишкек — Нарын — Торугарт 292-305-чакырымы (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), 354-358-чакырымы (Кызыл-Бел ашуусу);
Казарман— Ак-Тал-Чат жолунун 42-44-чакырымы (Ийри-Суу тилкеси), 60-94-чакырымы (Кара-Көө ашуусу);
Арал — Миң-Куш жолунун 1-14-чакырымы;
Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунун 160-179-чакырымы (Талдык ашуусу);
Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык жолунун 98-136-чакырымы.