Ачуулануу кандай ооруларга алып келет? Бишкектик дарыгердин кеңеши

Дарыгер ачууга алдырбай эмоцияны башкара билүүгө чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Адатка айланган ачуулануу бир катар ооруларга алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Чолпон Иманканова "Кыргыз радиосуна" курган маегинде билдирди.
Адистин айтымында, япониялык илимпоздор анда-санда болгон ачуулануу адамга терс таасирин тийгизбей тургандыгын аныкташкан. Ал эми адатка айланган кыжырлануу ар кандай ооруларга себепкер болот.
"Адам ачууланып жаткан мезгилинде организмде ар кандай биохимиялык реакциялар жүрөт: кан тамырлар кысылат, адреналин көтөрүлөт, кандагы канттын көлөмү жогорулайт. Адатка айланган ачуулануу жүрөк-кан тамыр, гипертония ооруларына, неврологиялык илдеттерге, инсульт, инфаркт, кант диабетине жана депрессияга алып келиши мүмкүн", — деген Иманканова.
Дарыгер адамдарды сабырдуулукка, эмоцияны башкара билүүгө чакырды.
"Терең дем алуу керек, демди топтогондо кан тамырлар кеңейет. Ал учурда мээге кычкылтек жакшы жетип, адамдын ачуусу таркай баштайт. Ошол себептен сабырдуулукка, эмоцияны башкара билүүгө чакырам", — деген адис.
Радио
Телефонго көз каранды болуп калган баланын белгилери аталды