Нарында көчкү кооптуулугун жараткан 901 710 метр куб кар атып түшүрүлдү. Сүрөт

Кооптуулукту жоюу иштери түш ченде жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Нарын облусунун Нарын районундагы Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы көчкүлөрдү ӨКМдин ыкчам тобу жана КМдин артиллериялык эсеби 10 снаряд менен атып түшүрдү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматына таянып аймактык кабарчы билдирди.
1 / 3

Нарын облусунун Нарын районундагы Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы көчкүлөрдү ӨКМдин ыкчам тобу жана КМдин артиллериялык эсеби 10 снаряд менен атып түшүрдү

2 / 3

Кооптуулукту жоюу иштери саат 13:00дөн саат 14:25ке чейин 294-295-чакырымдарында болгон

3 / 3

Белгилей кетсек, бул иштер 18-19-февралда башталган

Кооптуулукту жоюу иштери саат 13:00дөн саат 14:25ке чейин 294-295-чакырымдарында болгон.

"Натыйжада көлөмү 40 0950 метр куб кар көчкү түшүп, жолго жеткен эмес. Ал эми саат 14:45тен саат 15:30га чейин 296-чакырымында жалпы 20 снаряд атылып, бардыгы жарылган. Андан улам көлөмү 50 0760 метр куб кар көчкү түшүп, жолго жеткен эмес. Бүгүн жалпысынан көчкү кооптуулугун жараткан карды атып түшүрүү иштери толугу менен аяктады", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул иштер 18-19-февралда башталган. Ал эми бүгүн саат 9:00дөн тартып Бишкек — Нарын — Торугарт каттамынын Сары-Булак жана Оттук айылдарында посттор уюштурулуп, автоунаа каттамы убактылуу жабылган.
Түшкөн көчкүлөрдү тазалоого жалпы 12 инженердик техника даяр турган.
Сары-Булак жана Оттук айылдарында жылытуу жайлары уюштурулган.
Нарын жетекчилиги: көчкү атып түшүрүлмөйүн жолго чыкпай коё тургула