Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Германия министри алдыдагы апталарды Украина үчүн чечүүчү мезгил деп атады

Коргоо министри Украинаны аба чабуулунан коргонуу менен камсыздоо "маанилүү приоритет" деп белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Германиянын коргоо министри Борис Писториус алдыдагы апталар кандайдыр бир деңгээлде Украина үчүн чечүүчү мезгил болот деген пикирин айтты. Бул тууралуу ал Bloomberg агенттигине маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Коргоо министрлигинин башчысы Украинаны аба чабуулунан коргонуу менен камсыздоо "маанилүү приоритет" деп белгилеп, "келе жаткан үч жумада" бул нерсеге жетишүү керек экендигин белгилеген.
Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. РФ президенти Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге кабылган элди коргоо" экенин айткан. Мамлекет башчынын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Брюсселдеги жолугушуу жана "Рамштайн-9". Украинанын кызыкчылыгы кайда калды?