Төлөй албасак өлөлүбү! Бишкекте ККМге каршылар митингге чыгышты. Видео

Чогулган 50-60тай адам патентти калтырууну талап кылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бишкектеги Горький паркына ККМ жана эсеп фактураларын колдонууга каршы болгон ишкерлер митингге чыкты.
Алар мындай системаларды жокко чыгарып, патентти калтырууну талап кылууда. 50-60тай адам чогулуп, колдоруна "Дүкөнчүлөр эсеп фактурасына каршы!", "ККМге каршыбыз!", "ЭТТКга каршыбыз!" деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.
Ошондой эле митингчилер ККМ аппараттарын колдонбосо салыкчылар айып салып жатканына нааразы болууда.
Пенсияны көбөйтө албасак өлөлүбү? Жапаров Мадумаров менен кайым айтышты