ӨКМ Бишкек — Ош жолунун кооптуу жерлеринде кар атып түшүрүүнү улантат

Атайын топ эртең дагы иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда көчкү кооптуулугу жаралган жерлерде карды атып түшүрүү иштери жүрүп жатат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
1 / 4

Бишкек — Ош жолунда көчкү кооптуулугу жаралган жерлерде карды атып түшүрүү иштери жүрүп жатат

2 / 4

Маалыматка ылайык, саат 15:10дон 16:00гө чейин трассанын 222-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда 12 снаряд атылып, 286 миң метр куб кар көчкүсүн түшүрүшкөн

3 / 4

ӨКМ демилгелеген бул иш-чарага Коргоо министрлигинин артиллериялык куралдары тартылды

4 / 4

Атайын топ бүгүн Бишкек – Ош унаа жолунун 238-чакырымында жайгашкан Итагар станциясында түнөп калат

Маалыматка ылайык, саат 15:10дон 16:00гө чейин трассанын 222-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда 12 снаряд атылып, 286 миң метр куб кар көчкүсүн түшүрүшкөн.
ӨКМ демилгелеген бул иш-чарага Коргоо министрлигинин артиллериялык куралдары тартылды. Атайын топ бүгүн Бишкек – Ош унаа жолунун 238-чакырымында жайгашкан Итагар станциясында түнөп калат. Кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүү 21-февралда дагы улантылмакчы.
3 күндөн бери жатабыз! Эркеч-Тамдагы Тоң-Мурун ашуусунда 100дөй айдоочу калып кетти