Тоңдук Сымбаттын көз жоосун алган идиштери соцтармакты кызыктырууда. Видео

Каарманыбыз Resin Art техникасын колдонот, мында эпоксиддик чайыр менен кошулмалар керектелет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Өлөң айылынын жашоочусу Сымбат Нурлан кызы Resin Art техникасы менен үй шартында кооз буюмдарды жасап келет.
Учурда социалдык тармактагы баракчасынан кооздуктарды көрүп буюртма бергендер көбөйүүдө.
Resin Art техникасында эпоксиддик чайыр менен кошулмалар керектелет. Сымбат анын жардамы менен шөкөттөлгөн сааттарды, китеп койгуч, кутуча, самын салгыч өңдүү буюмдарды дагы жасайт.
Сымбат көрктүү идиштердин жасалышын интернеттен карап кызыгуусу артып, үйрөнүүгө бир жылдай убактысын жумшаган. Каарманыбыз бир идишти даярдоо үчүн жарым саат гана убакыт талап кылынарын айтат. Буюмдар түрүнө жараша 15 сааттан 3 күнгө чейин катып, даяр болот.
Оокат кылып жүрүп англис тилин үйрөткөн өзгөндүк Барчынай. Тик-Ток жылдызынын маеги