Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунун чемпиону болду. Видео

Кыргызстандык спортчу чемпиондук наам үчүн россиялык Камиль Магомедов менен кармашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунун чемпиону болду. Бул тууралуу уюмдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Аралаш мушташ боюнча чемпион наамы үчүн кармаш кечээ, 18-февралда, Сербиянын Белград шаарында өткөн.
1 / 3

Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунун чемпиону болду

2 / 3

Жеңил салмактагылар арасында кур үчүн кармашта Абдисалам уулунун атаандашы россиялык спортчу Камиль Магомедов болду

3 / 3

Жыйынтыгында калыстардын чечими менен кыргызстандык спортчу жеңүүчү аталды.

Жеңил салмактагылар арасында кур үчүн кармашта Абдисалам уулунун атаандашы россиялык спортчу Камиль Магомедов болду. Жыйынтыгында калыстардын чечими менен кыргызстандык спортчу жеңүүчү аталды. Өткөн жылы Абдисалам уулу аталган уюмдун чемпиондук курунун утурумдук ээси болгон.
BRAVE Combat Federation (BRAVE CF) — дүйнөдөгү беделдүү промоушендердин бири. UFC уюмунун белгилүү мушкери Хамзат Чимаев да дал ушул уюмдан чыккан.
Сууда сүзүүчү Денис Петрашов АКШдагы мелдеште рекорд жаратты