Эркеч-Тамдан Ошту көздөй чыгып дайынсыз болуп жаткан айдоочулар табылды

Мекеме айдоочуларды берилген эскертүүлөргө көңүл бурууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бүгүнкүгө карата Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунун 241-чакырымга чейинки аралыгы ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдалды.
Анда бүгүн кечке чейин жол толугу менен бир тараптуу ачыла тургандыгын белгилешкен. Эркеч-Там тараптан жүк ташуучу унаалар бир тараптуу коё берилет.
"Эркеч-Тамдан Ошту көздөй чыгып дайынсыз болуп жаткан үч айдоочу Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там автожолунун 220-чакырымынан 18-февралда түнкү саат 3:00 чамасында табылды. Алардан башка дагы беш айдоочу болгон. Айрымдары министрликтин үй-газ бекеттерине алып келинди, ал эми автоунаасында меши бар айдоочулар машинасында калган.
Мындан тышкары, Сары-Таш айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Транспорт министрлигинин тиешелүү башкармалыгынын жардамы менен бороондо жолдо калгандарга түшкү тамагын жеткирип беришти. 
"Айдоочулардын баары аман-эсен, сак-саламат. Социалдык тармактарга жолдо калдык деп айтып чыккан айдоочулар жол каттамына эки тараптуу чектөө киргизилди деген Чек ара жана Бажы кызматынын эскертүүлөрүнө баш ийбей жолго чыгып алышкан", — дешти мекемеден.
Министрлик айдоочуларды берилген эскертүүлөргө көңүл бурууга чакырды.
Буга чейин 100дөй айдоочу Эркеч-Тамдагы Тоң-Мурун ашуусунда  калганын айтып чыгышкан.
Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, Бишкек — Ош унаа жолу жабылды