БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Синоптиктер келе жаткан жумага карата Нарын облусундагы аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, 19-февралда түнкүсүн айрым жерлерде каржаашы күтүлөт. 20-24-февраль аралыгында жаан-чачын болбойт.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетип, багытын өзгөртүп турат. 25-февралда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.