БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстандык Адилет Нурматов жеңил салмактагы OPEN FC чемпиону болду. Бул тууралуу аталган уюмдан билдирди.
Титулдук күрөштө 25 жаштагы кыргызстандык мушкер россиялык Илья Курзанов менен беттешип, экинчи раундда мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишкен. Таймаш Россияда өттү.
OPEN FC — аралаш мушташ өнөрүнүн профессионалдуу лигасы. Анын турнирлери бир нече өлкөлөрдө өткөрүлүп, ар кандай салмак категорияларындагы миңдеген мушкерлердин башын бириктирет.