БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстанда алдыдагы аптанын бейшембиси эс алуу, ал эми ишембиси иш күн болот.
Кыргызстандыктар 23-февраль (бейшемби) — Ата мекенди коргоо күнү болгондуктан эс алышат. Ал эми 25-февралдагы ишемби 4-январдагы дем алыштын ордуна иш күнү болмокчу.
Мындай өзгөрүүлөр жаңы жылдан кийинки дем алыш 8-январга чейин созулганына байланыштуу болууда.
Эске салсак, министрлер кабинети буга чейин 2023-жылдагы эс алуу күндөрүнүн графигин бекиткен.
Ага ылайык, кыргызстандыктар төмөнкү күндөрү катары менен эс алышат:
18-марттан 21-мартка чейин;
5-майдан 9-майга чейин;
4-ноябрдан 8-ноябрга чейин.
Дем алыш күндөрүнө жылдырылган иш күндөрү:
29-апрель дем алыш күндүн ордуна 20-март иш күнү болот;
13-майдагы дем алыш 8-майга жылат;
11-ноябрдагы дем алыш 6-ноябрдагы иш күнүнө жылдырылды.