19-февралга карата аба ырайы

19-февралга караган түнү тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 0...+5 градус жылуу болсо, Талас аймагында -1...+4 градуска чейин, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көл өрөөнүндө -3...+2 градуска чейин жылуу, ал эми Нарында -1...-6 градус суук болору болжолдонду.
Борбор калаада жана Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Бишкекте +3...+5, Ошто +6...+8 градуска чейин көтөрүлөт.
Эскертебиз! Кийинки аптанын ишембиси иш күн болот