Садыр Жапаров Эмомали Рахмонго көңүл айтты

Президент жалпы Кыргызстан элинин тоолуу бадахшандыктардын кайгысын тең бөлүшөрүн билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго көчкүдөн адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы телеграмманын текстин жарыялады.
"2023-жылдын 15-февралында Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм", — деп жазылган анда.
Жапаров жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишине тилектештигин билдирген.
Садыр Жапаров Түркиянын элчилигине барып боордош элге көңүл айтты. Видео