Былтыркы тогуз айда кыргызстандыктардын кирешеси 2,9%га өстү

Элдин акчалай кирешесинин 69,7 пайызы эмгек акыдан, 14,1 пайызы социалдык трансферттерден, 12,2 пайызы жеке көмөкчү чарбалардан жана 4 пайызы башка булактардан алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. 2022-жылдын баштапкы тогуз айында кыргызстандыктардын реалдуу акчалай кирешеси 2,9 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Тагыраак айтканда, январь-сентябрь айларында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 409 миллиард сомду түзгөн.
Ал эми өлкө жарандарынын колуна тийген акчасы бир айда орто эсеп менен 7 638,5 сомго жетет. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17,3 пайызга көбүрөөк.
Статком билдиргендей, элдин акчалай кирешесинин 69,7 пайызы эмгек акыдан, 14,1 пайызы социалдык трансферттерден (пенсия, жөлөк пул), 12,2 пайызы жеке көмөкчү чарбалардан жана 4 пайызы башка булактардан алынат.
Салык кызматы декларациялоонун биринчи этабын баштады. Тапшырчулардын тизмеси