БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө эмгек миграциясын жөнгө салуу жолдорун жакшыртууну сунуштады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Сунушталган документте төмөнкүлөр айтылат:
кызматкерлер менен эмгек же жарандык-укуктук келишимди электрондук түрдө түзүү. Бул кызматкерлердин укуктарын жана социалдык кепилдиктерин толук ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле салык, статистика, бухгалтердик эсеп чөйрөлөрүнүн ишин жакшыртат;
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жумушка орношкон өлкөдө узак мөөнөткө жашоо укугун берүү;
жумушчулардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн барган жеринде мамлекеттик кызматтарды эркин пайдалануусуна шарт түзүү.
Ошондой эле ЕЭК тарабынан кабыл алынган документти ишке ашыруу жагдайды жакшы жакка өзгөртө тургандыгы айтылган. Ал ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эмгек миграциясынын агымын биргелешип жөнгө салууга мүмкүндүк берери күтүлүүдө.
Эске салсак, ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет.