Ала-Букадагы алтын кенде кар көчкү 4 адамды басып калды. Куткаруу учуру видеодо

Куткарылган кызматкерлердин абалы туруктуу деп бааланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Иштамберди кенинде кар көчкү түшүп, алтын казган Full Gold Mining фирмасынын төрт кызматкерин басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кар алдында калган адамдар кен казуучу компаниянын кызматкерлери тарабынан чыгарылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда баарынын абалы туруктуу экени айтылды. Окуянын күбөлөрү куткаруу учурунда тартылган видеону редакцияга жиберишкен.
Жерине райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн тийиштүү кызматкерлери тартылып, бирок Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кировка автоунаа жолунун 45-чакырымына көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу өтө албай кайра кайтышкан.
Нарын жетекчилиги: көчкү атып түшүрүлмөйүн жолго чыкпай коё тургула