Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ өкүлү Крым Украина үчүн мыйзамдуу бута экенин айтып, Россия ага жооп берди

Элчилик АКШнын Киевди россиялык аймактарды талкалоо үчүн колдонулчу заманбап комплекстер менен жабдып келерин дагы бир ирет эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд Крымдагы аскердик объектилерди Украина үчүн "мыйзамдуу бута" деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Булар мыйзамдуу буталар. Украина ага сокку урат, биз колдойбуз", — деген аткаминер аял Карнеги борборунда өткөн виртуалдуу иш-чарада.
Анын айтымына караганда, "Крымда Россия логистикалык маанилүү жайларга айлантып алган" ири аскердик курулуштар бар.
Мындай билдирүүгө Россиянын Вашингтондогу элчилиги узатпай эле реакция кылып, комментарий берди.
Элчиликтин өкүлү мамлекеттик департаменттин жогорку даражадагы өкүлүнүн Украина Куралдуу күчтөрүнүн Крым боюнча урулчу соккусун колдоо жаатында 16-февралда айтканы АКШнын чатакка сөз эмес, конкреттүү иш-аракеттер менен катышы бар экендигин белгилеген.
"АКШ Киевди россиялык аймактарды талкалоо үчүн колдонулчу заманбап комплекстер менен жабдып келет. Украиналык аскер жетекчилерине кеп-кеңеш берип жатат. Де-факто, операцияларды алар менен биргеликте пландашат", — деген ал.
Вашингтондун мындай позициясын ал АКШнын Россияга карата кастык мамилесинин ачык эле көрүнүшү катары баалай тургандыгын айткан.
Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Крым жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 2014-жылы мартта россиялык аймак катары эсептеле баштаган. Референдумда Крымдагы добуш берүүчүлөрдүн 96,77 пайызы, Севастополдогулардын 95,6 пайызы РФтин курамына кирүүгө макулдугун билдирген.
Украина мурдагыдай эле Крымды оккупацияланган аймак катары карайт, Батыштын көп мамлекеттери бул маселеде Киевди колдоп келет.
Россия жетекчилиги Крымдын жашоочулары РФке кирүүнү демократиялык жол менен аныкташкандыгын, бул БУУнун уставына жана эл аралык укуктарга туура келерин айткан. Путиндин сөзүнө караганда, Крым маселеси "толугу менен жабылган".
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Алаңгазарлык жана эрдик. АКШ Украинанын Крымга сокку урушу үчүн курал береби?