БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Жогорку жана саясий кызмат орундарын аркалаган кызматкерлердин жарандыгы тууралуу жоопкерчиликти күчөтүү мыйзам долбоору сунушталды.
Демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.
Аталган кызмат адамдары жумуш учурунда ар кандай категориядагы мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга жана кызматтык пайдалануу үчүн маалыматка ээ болору белгиленген.
"Учурда ченемдик-укуктук актыларда КР жараны болууга эле милдеттүү. Чет мамлекеттин жарандыгынан чыккандан кийинки мөөнөт боюнча талап жок. Бул мамлекеттик сырды чет өлкөнүн атайын кызматтарына жеткирип туруу сыяктуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде.
Ушуга байланыштуу Кыргызстандын жарандыгына ээ болгон жана чет мамлекеттин атуулдугунан чыккан учурдан тартып беш жылдан кем эмес убакыт өткөн адамдарды гана жогорку кызматка дайындоо сунушталууда.
Ага төмөнкү кызматтар кирет:
президент;
Жогорку Кеңештин депутаты;
Конституциялык соттун, Жогорку соттун, жергиликтүү соттордун судьялары;
прокурор жана тергөөчү;
укук коргоо органдарынын кызматкери;
коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкери;
мамлекеттик бийлик органдарындагы жетекчи кызматтар.