БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Жалал-Абадда эл аралык террордук топтордун мүчөлөрүнө Калашников автоматын жана гранатомет сатып жүргөн 47 жаштагы Р.К.А. аттуу адам кармалганын УКМК кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Маалыматта анын эл аралык террордук топтун мүчөсү катары издөөдө жүргөнү айтылган. Р.К.А. буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшүрүлдү.
"Кармалган Р.К.А. террордук топтун мүчөлөрүнө Калашников (АК-74) автоматын жана гранатомет саткандыгы аныкталды, ал адамдар кийинчерээк Бишкек шаарынын аймагында террордук актыларды уюштурууга аракеттерген маалда УКМК тарабынан жок кылынган", — деп айтылат билдирүүдө.
Колго түшүрүлгөн адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, ал катышкан башка кылмыштуу учурларды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы маалым болду.