Улуттук банк февралдын жарымында эле 122,3 млн. доллар сатып койду

Соңку күндөрү америкалык акчанын курсу өсүп бара жатат, маселен, өткөн суткада 20 тыйынга кымбаттады.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кечээ Кыргызстандын Улуттук банкы 35,6 миллион доллар сатты.
Соңку сутка ичинде долларды сатуу да, сатып алуу да 20 тыйынга кымбаттады. Негизи соңку учурларда америка акчасынын баасы улам өсүп, 88 сомдон ашып кетти.
Кыргызстандын башкы банкы курстун кескин секирик жасап кетишин жөндөө же тартыштык/ашык болуп кетүү жаралбашы үчүн долларды чыгарып сатат же өзү кайра сатып алат.
Бул — февраль айындагы үчүнчү интервенция. Жарым ай ичинде Улуттук банк 122 миллион 920 миң доллар саткан.
Эске салсак, январда рекорддук көрсөткүч болгон, тагыраагы, 104 миллион 250 миң доллар сатылган. Жылдын башынан тарта башкы банк валюта алган эмес. Интервенцияда адатта накталай эмес жасалган операциялар белгиленет.
Былтыр КРден 2021-жылга караганда 638 миллион долларга көбүрөөк акча которулду